16 дек. 2017 г.

Бет ачар

Ассалаам алейкум, кыргыз элим.

Көптөн бери жасайм деп, бирок ар кандай себептер менен кечиктирилип келген максатымды ишке ашырып, көрүп турганыңыздай блог ачтым. Бул жерге биринчи кезекте кыргыздын жөнөкөй бир патриоту катары көңүлдү түйшөлткөн көйгөйлөр жөнүндө, ошондой эле кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар үчүн пайдалуу кеп-кеңештерди чыгарып турмакчымын.

Азырынча анык бир тематика тандай элекмин, бирок негизинен айтканда, менин жазгандарым маалымат технологиялары, интернет, компьютерди колдонуу, маалыматтарды текшерип жана иштетүү, бираз программалоо тилдери, алгоритмдерге арналмакчы.

Кыскасы, мен заманбап технологияларды кыргыз тилдүү колдонуучунун көзү менен карап, ошол жөнүндө жазып турам.



Бөлүшүп коюңуз:

1 комментарий: