Бул функция айрыкча
мугалимдерге, ар кандай иш-чара ээлерине көптөн күткөн жагымдуу кабар болду.
Анткени дайыма көрүп жүргөнүбүздөй, “админден башкалар билдирүү жибербесин” –
деп суранып жүрүп өтчү күндөр артта калды. Канча нервтер сакталып, убакыттар
үнөмдөлмөкчү :)
Анткени бардык группалар эле
баарлашуу үчүн жалпы чат катары ачылган эмес, бул болгону мессенжерде канал
ачуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан гана түзүлгөн кырдаал болчу. Бул көрүнүштү Telegram
мессенжери көп жыл мурун эле эң сонун чечип койгон ... WhatsApp болсо эми гана
алгачкы кадамдарды коюуда, жана ушуну менен токтоп калбайт деп үмүт кылабыз.
Эмне болгон күндө да ...
Жаңы мүмкүнчүлүктү ишке
киргизүү үчүн:
* WhatsApp тиркемесин акыркы
версиясына жаңылап алыңыз.
* Андан соң өзгөртүү
жүргүзүүнү каалаган группаны ачыңыз.
* Чаттын үстү жагындагы
группанын аталышы турган жерди, же оң жагындагы “үч чекит” ти басып, пайда
болгон менюдан “Инфо о группе” ни ачыңыз.
* Андан соң “Настройки
группы” бөлүгүнө киребиз.
* “Отправка сообщений”.
Дал ушул жерден кимдер билдирүү жибере алуусун тандаңыз.
* “Только админы”.
Мына, ийгилик!
Колу кычышкандардан
кутулдуңуз. Жашасын монархия!
WhatsApp -->Группа --> Инфо о группе --> Настройки группы --> Отправка сообщений --> Только админы
Ассалаам алейкум,
кыргыз элим, кыргызча суйлогондор ...!
Акыркы он жылдыкта,
адам баласы өткөнгө салыштырмалуу башкалар менен көбүрөөк байланышып, жер бети кичинекей айылга айлангандай. Мунун баары байланыш каражаттарынын укмуш
темп менен өнүгүүсү жана коомдун бардык катмарына арзан жана жеткиликтүү
экендиги себебинен. Өзгөчө социалдык тармактардын буга салымы чоң.
Азыркы учурда өз ара
байланышуунун түрдүү жолдору жана түрлөрү болсо деле, бирок пикир алмашуунун эң
эле негизги каражаты же көп колдонулганы дагы деле жазма түрү болуп келет. Учурда күнүнө социалдык тармактарда, же мессенжерлерде бир да билдирүү же кат жазбаган
адамды элестетүүнүн өзү кыйын болуп калгандай.
Натыйжада, мурда
агай-эжекелер урушуп атып жаздыра албаган адамдар, эми мынтип телефондун
кичинекей экранынан бери болбой, тынымсыз жазышуу менен алек. Албетте, инсандын
жазуу маданиятынын өөрчүүсү абдан жакшы нерсе деңизчи, бирок бул жазышуу
төңкөрүшү кыргыз тилдүү аудиторияда жазуу маданиятынын терс көрүнүшүн пайда
кылды. Анда эмесе төмөнкү мисалдарга көңүлүңүздү бурабыз:
Кыргыз киносунун легендасы,
айтылуу таланттуу атабыз – Суймонкул Чокморов.
Бир интернет
колдонуучу өзүнүн аяр сезимдери жөнүндө айтып атат:
Кечир мени оорутсам конулунду,
Кечире кор сени суйгон журогумду,
Бизге болбойт келечекте бир болуу,
Кечир мени уурдабайын
омурунду ...
Дагы бироо:
Кун сайын, арзуу айтып турсан суйлоп,
Кете албайм, умутунду таяп-суйоп ...
Кантейин кыйнап коюп мени дагы,
Суйоорумду бир адам
билбей журот ...
Дагы бироо таптаган
аты жөнүндө сөзүн:
Кулук – деп тема коюп
баштаптыр.
Дагы бир акыныбыз
жашоого болгон дүйнө таанымын, чалкыган кыялдарын ырга салып, сонун маанилерди
камтыган ыр саптарын:
Омур – деп атаптыр.
Кыш келди, ызгаар
суук, айлана аппак кар, аянычтуусу – уйдо комур жок. Мен айтар элем, андан да
аянычтуусу - клавиатураңда ӨҢҮ тамгаларынын жоктугу!
Эгерде жогорудагы мисалдарды
көрүп, жүрөгүңүздө кандайдыр бир сезим калбаган болсо, анда сиздин кыргыз
тилине болгон сезимиңиз абдан алсыз экенин билип коюңуз.
Бул эми кээбир эле
мисалдар эмеспи, болбосо кыргыз тилинин мындай заманбап үлгүсү интернет айдыңында,
социалдык тармактарда негизги колдонулган жазуу стили болуп калды. Анын артынан
окуу жөндөмдөрүбүз да өркүндөп, эч бир тоскоолдуксуз өз ара пикир алмашып,
сонун эле жашап келе жатабыз.
Кыскача айтканда, latyn
tamgalary menen jazasynby, Кирилл тамгалары мененби, же “мен сенин апанмын”,
“сени суйом” тили мененби, жадаглса мнтп жазп койсн деле эчкмдн иши жоктй.
Анткени, бул жазуу
маданиятынын жашообузда көп жолугуп, көнүмүш адатка айлануусу, биздин жазуу
эрежелеринин одоно жана орой түрдө бузулушуна болгон иммунитетибизди өлтүргөн.
Бул көрүнүштү мынчалык
массалык түрдө башка тилдерден жолуктура алган жокпуз, ошол эле биздин жакынкы
кошуналардан да, орус тилдүүлөрдөн да. Эч ким өз эне тилин биз кордогон
даражада кордогон жок.
Албетте, бул
аябагандай терс көрүнүштүн ушунчалык бекем калыптанышына ким күнөөлүү десек,
бүтпөгөн талаш-тартыштарга жол ачабыз, натыйжа жок. Ошондуктан менин бул
макаладан максатым, бирөөлөрдү күнөөлөп, таарыныч айтуу эмес, тескерисинче жол
көрсөтүү, оңдоо болуп саналат.
Эмне кыргыз тилин
электрондук аппараттарга киргизүү ошончолук эле оорбу, же мүмкүн эмеспи?
Албетте, бир жактуу жооп айтуу туура эмес болор. Бирок бизге бир белгилүүсү –
анын толук мүмкүн экендиги. Анткени, кыргыз тамгалары ошол эле Кирилл
тамгаларына негизделип, бираз гана өзгөчөлүгү бар. Ал эми ар бир аппарат Кирилл
тамгаларында сүйлөйт да, эмне үчүн Кыргызча тили чыкпайт?!
Айрыкча азыркы күндөгү
аппараттар, т.а. аларда орнотулган операциондук системдер Юникод стандартын
колдошот, б.а. дүйнөдө канча тил болсо, алардын кандай гана өзгөчөлүктөрүнө
карабай аны экрандан көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Мейли ал оңдон солду карай
жазылган арап тили болсун, же жапон иероглифтери болсун,
айырмасы жок.
Болгону эне тилин
сүйгөн, ал үчүн күйгөн гана эл керек, ошондо гана бизге програмдык жабдууларды
өндүрүүчүлөр да кош көңүл мамиле жасабай, кыргыз тилине да эч кайталангыс
өзгөчөлүктөрү, өз колориттери бар тил катары карап башташат. Болбосо, “озум
билем” тили катары кала беребиз.
Ал эми кыргыз
программисттерине айтарым, качанкыга чейин эне тилиңердин ушундай абалына
ичиңер ачышпайт, качанкыга чейин орустун же океандын ар жагын карап гана
жашайбыз. Эгерде эне тилибизге биз күйбөсөк, алар күйүп эмнени жарытмак эле?
Албетте, жаңы
операциондук система чыгара салуу, же жаңы социалдык тармак түзө коюунун кереги
жоктур, мындай чакырыктар маселени туура түшүнбөгөндөн гана келип чыгат жана “оз
тилин суйо албагандар учун бул ото” эле эрте. Бирок ар бир кыргыз тилдүү
компьютер колдонуучу, ал кайсы операциондук системаны колдонбосун, өз тилинде
эркин пикир алмашып, кыргызчаны ӨҢҮ менен жазууга татыктуу эмеспи?
Дагы бир нерсе, бул
кыргыз программисттердин башын бириктирген, элге пайдалуу продукттарды
өндүрүүгө үндөгөн же колдогон биримдиктин жоктугу, ал эми жекече аракеттер
көбүнчө алыс барбайт.
Сөзүмдүн аягында, эң
эле көп колдонулган Android операциондук системасындагы телефондорго кыргызча
жазуу үчүн клавиатура орнотуу боюнча көрсөтмө менен аяктайм.
Бул клавиатуранын
аталышы – Multiling, телефонуңузга түз эле Play Маркеттен жүктөп алсаңыз болот.
Аты айтып тургандай көп тилдерди колдойт. Абдан ыңгайлуу жана сапаттуу жасалган
клавиатура. Жагымдуусу – бекер жана рекламасы жок!
Көптөгөн өзгөчөлүктөрү
бар, бирок бизге эң негизгиси – кыргызчаны толук 100% га колдогондугу. Авторго
ырахмат, өз уулдары жасай албаганды жасап бергени үчүн.
Көп жылдан бери
колдонуп келем, бир да жолу жер караткан эмес. Тескерисинче Multiling ди колдонгондон
бери, телефондун өзүндөгү стандарттык клавиатураны унуттум. Жаңы алган
телефонго эң биринчи орнотчу программам да дал ушул Multilingболот.
Multiling Keyboard - Кыргызча клавиатура
Кыргызча клавиатураны кантип орнотуу керек? Видеону көрүңүз.
Ассалаам алейкум, кыргыз элим. Көптөн бери жасайм деп, бирок ар кандай себептер менен кечиктирилип келген максатымды ишке ашырып, көрүп турганыңыздай блог ачтым. Бул жерге биринчи кезекте кыргыздын жөнөкөй бир патриоту катары көңүлдү түйшөлткөн көйгөйлөр жөнүндө, ошондой эле кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар үчүн пайдалуу кеп-кеңештерди чыгарып турмакчымын. Азырынча анык бир тематика тандай элекмин, бирок негизинен айтканда, менин жазгандарым маалымат технологиялары, интернет, компьютерди колдонуу, маалыматтарды текшерип жана иштетүү, бираз программалоо тилдери, алгоритмдерге арналмакчы. Кыскасы, мен заманбап технологияларды кыргыз тилдүү колдонуучунун көзү менен карап, ошол жөнүндө жазып турам.